Talas FM

Talas FM

Share

Photos from Talas FM's post 14/10/2024

Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган иш чара гала концерт менен аяктады.

Photos from Talas FM's post 12/10/2024

11-октябрда Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалдык бөлүгү болуп өттү.

Финалга Талас району менен  Ч. Айтматов районунун командалары чыгып, 7:4 эсеби менен Талас району жеңишке ээ болду.

Ал эми биринчи орунду багындырган Талас районунун командасына баш байге — автоунаа ыйгарылды. Экинчи орунду ээлеген Айтматов районунун командасына 300 миң, үчүнчү орунду алган Талас районунун 2-командасына 200 миң, төртүнчү орун - Чүй-Токмок командасына 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Эске салсак, аталган мелдешке Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарынан жалпы 10 команда катышты.
#80жылдык

Photos from Talas FM's post 11/10/2024

“КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫРГЫЗ АЛА КИЙИЗ” ФЕСТИВАЛЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ

Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, Талас облусунун 80 жылдык мааракесинин алкагында бүгүн 11-октябрда, Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинде “Кылым карыткан кыргыз ала кийизи” фестивалынын ачылышы болуп ѳттү.

Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев, өлкөнүн жети дубанынан келген кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл топтун өкүлдөрү катышышты.

“Кылым карыткан кыргыз ала кийизи” фестивалы кыргыз элинин эзелтен муундан –муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн, маданий мурастарын сактоо, жайылтуу максатында уюштурулууда.

Photos from Talas FM's post 02/10/2024

“Ачык өкмөт долбоору алкагында түз эфирлер уланып турат”. Бул тууралуу Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакунов маалымдады. Мындай берүүлөр өкмөт менен жарандардын байланышын бекемдеп, көйгөйлөрдү аныктоого жардам берет. Р.Я. Рысакова атындагы №2- мектебинде шаар башчысы болгон менен жолугушууда көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук системасынын жоктугу, электроэнергиянын 14 саатка чейин өчкөндүгү жана башка маселелер каралды.

Want your business to be the top-listed Media Company in Talas?
Click here to claim your Sponsored Listing.

Category

Telephone

Address


Talas

Opening Hours

09:00 - 17:00