Reporter.kg
Reporter.kg — маалымат кенчи!
Баракчабызга жазылып, бардык маалыматтан кабардар болуңуз!
📲 Жаңылыктарыңызды WhatsApp жана ТГ аркылуу жибериңиздер: +996995232413
Балдардын кыялдары таң калтырып, шыктандырып жана ойлонууга түрткү бере алат. Бүгүнкү күндө балдар эмнени кыялданышат жана өз келечегин кандай элестетишет
Биз шаардагы жаш өспүрүмдөрдөн алардын алдыга койгон максаттары жана келечекте ким болору тууралуу сурадык. Биздин жаңы блиц-сурамжылоодон көрүңүздөр.
«Ооба!» деди: Кыргызстан — Палестина беттешинде күтүүсүз сунуш
Футболчулар талаада жеңиш үчүн күрөшүп жаткан маалда, трибунада жүздөгөн көрүүчүлөрдү толкунданткан өзгөчө окуя болду.
Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командаларынын беттеши учурунда күйөрмандардын бири сүйүктүүсүнө стадиондун ичинде күтүүсүздөн баш кошууга сунуш киргизди. Таасирдүү учур видеого түшүп калган. Эң башкысы — кыз сунушту кабыл алып, «Ооба!» деп жооп берди.
Беттеш тең чыгуу менен аяктаганы менен, бул күн жаш түгөйлөр үчүн чоң жеңишке айланды. Алар үчүн бул учур өмүр бою эстен кеткис күн болуп калаары шексиз.
07/06/2026
Кыргызстандын жана Палестинанын улуттук курама командаларынын жолдоштук беттешине 6-июнда президент Садыр Жапаров катышты. Оюн Долон Омурзаков атындагы стадиондо өттү.
Беттеш ФИФАнын июнь күндөрүнүн жана Азия Кубогу-2027 мелдешине даярдыктын алкагында уюштурулду. Мамлекет башчысы менен бирге оюнга Жогорку Кеңештин Торагасы Марлен Маматалиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Курч таймашка карабастан эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде аяктады. Командалар 9-июнда дагы бир жолу жолдоштук беттеште күч сынашат.
Click here to claim your Sponsored Listing.
Category
Contact the business
Telephone
Website
Address
Frunze